Былтыр өлкөдө Кылмыш-жаза кодексинин "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ал эми өлкө боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине карата жасалган зомбулук фактыларына байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мындай зомбулуктар боюнча 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган",- деди ал.