Өлкөдө аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу 8-апрелде Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-апрелден 14-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда жана Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусунда) кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Ошондой эле Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад жолунун 326-349-чакырымында (Көк-Арт ашуусунда) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаа кыймылынын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.