Азиянын төрт жолку чемпиону Акжол Махмудов жеңиштен кийинки кубанычын жакындары менен бөлүштү. Интернетте тараган видеодон Махмудовду жубайы, үй-бүлөсү кучактап, кубанычын тең бөлүшүп жатканын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, балбан Бишкекте өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда 77 килограммдык салмакта күрөштү. Ал ирандык Али Забихолла Оскуну 3:3 эсебинде жеңип, Азиянын төрт жолку чемпиону аталды.