
Бишкек шаарында эки жаран акча алмаштыруучу жайдан акча уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 8-апрелде Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр 16-март күнү болжол менен түнкү саат 02:00дөн 02:30га чейин акча алмаштыруу пунктуна мыйзамсыз кирип, 200 миң сом жана 27 миң теңге уурдашкан деп айтылды.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы туулган Т.А., жана 1998-жылы туулган Т.У. аттуу жарандар кармалышты. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.