Биз социалдык тармакта

Бишкекте жүргүнчү айдоочуга кол көтөргөн окуя катталды (видео)

Бишкекте автобуста дагы бир тартип бузуу фактысы - жүргүнчү аял айдоочуга желим стакан ыргыткан учур катталды.

Шаардык транспорт ишканасы билдиргендей, окуя 6-апрелде болгон. Анда жүргүнчү автобустун алдыңкы эшигинен түшүүгө аракет кылган. Айдоочу ага коомдук транспортто белгиленген эрежеге ылайык, кирүү алдыңкы эшик аркылуу, ал эми түшүү арткы эшиктен жүргүзүлөрүн түшүндүргөн.

Бирок буга нааразы болгон аял ачууланып, айдоочуну көздөй колундагы желим стаканды ыргыткан. Андан кийин ал автобустан түшүп кеткен.

Бул окуя коомдук транспорттогу тартип маселесин дагы бир жолу көтөрүп, жүргүнчүлөрдүн жүрүм-турумуна көңүл буруу зарылдыгын көрсөттү.

Эскерте кетсек, буга чейин 55 жаштагы аял аялдама жок жерден автобусту токтотууну талап кылып, айдоочу менен пикир келишпестикке барды. Ага протокол түзүлдү.

Бишкекте жүргүнчү айдоочуга желим стакан ыргыткан окуя катталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан