Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева убагында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин адамдарына Ысык-Көлдөгү пансионатын тарттырып жиберген ишкер УКМКга кайрылса, атайын кызматтын өкүлдөрү кайра анын мүлкүн алып койгонун айтты.
"Мен "азыр мүлк мамлекетке өттүбү?" десем, "жок" деди. Ушундай учурлар текшерилип жатабы?" деген суроо берди Сурабалдиева башкы прокурорго.
Башкы прокурор Максат Асаналиев бул факт боюнча маалыматы жок экенин айтып, эл өкүлүнө ал ишти текшерүүнү убадалады.