Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу мыйзамсыз менчиктештирилген жер маселесин көтөрдү.
Эл өкүлүнүн айтымында, атайын кызматта мурда иштеген кызматкер мыйзамсыз иштерди жасаган.
"Мен бул маселени 5-6 жыл мурун, журналист кезимден бери көтөрүп келе жатам. Араван районундагы Чек-Абад айыл өкмөтүндө кезинде архивдик документтер жоголуптур. Мурда УКМКда иштеген кызматкер, ошол аймактагы 18 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул маселе буга чейин кандайдыр бир жеке күчтөр менен жабылып келген. Ушуну дыкат иликтеп, жерди элдин кызыкчылыгына чечип берсеңиздер жакшы болмок",- деди депутат.