Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кыргыз-америка кызматташуусунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алышты.
Өлкөдө саламаттык сактоо системин өнүктүрүүгө америкалык тараптын олуттуу салымы белгиленди, анын ичинде жугуштуу оорулардын чыгышына жооп кайтаруу потенциалын чыңдоо, коомдук саламаттык сактоо программаларын өнүктүрүү жана системинин туруктуулугун жогорулатуу.
Америкалык тарап кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ыкмаларды сунуштап, анын ичинде өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарына өтүү маселесин көтөрдү.
Тараптар ошондой эле медициналык технологиялар, фармацевтика жана инфраструктуралык чечимдер тармагында эл аралык жана жеке компаниялар менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.