Жогорку Кеңештин депутаты Жамиля Исаева прокуратура органдарына жумушка алууда маектешүү процессин алып салууну сунуштады. Мындай сунушту эл өкүлү парламенттин 8-апрелдеги жыйынында билдирди.
Айтымында, прокуратурага жумушка алууда талапкерлер тест тапшырып, маектешүүдөн өтүшөт.
"Тестти эле калтырып, маектешүүнү алып койсо болобу? Адамдык байланыш фактору болбош үчүн",- деди депутат.
Башкы прокурор Максат Асаналиев билдиргендей, эл аралык практика көрсөткөндөй кадрларды тандоо маектешүү процессинде чечилип жатат.
"Бул сунушту карап көрөлү. Бирок бардык эле эл аралык практиканы карасак, акырында маектешүү менен чечилип жатат",- деди ал.