Биз социалдык тармакта

Үч айда айып бузуулардан бюджетке 70 миллион сом түштү

Үч айдын ичинде айып бузуулардан бюджетке 70 миллион сомго жакын каражат түштү. Бул тууралуу 8-апрелде Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3 айда транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда жүргүнчү жана жүк ташуучу 189 396 автоунаа текшерилди. Жыйынтыгында:
  • Транспорттук мыйзамдардын талаптарын бузуу фактылары боюнча 2609 протокол түзүлүп, 3 миллион 562 миң 500 сом айып пул;
  • Чектелген салмак-габариттик ченемдерди сактабагандыгы үчүн 998 протокол түзүлүп, 17 миллион 465 миң сом айып пул;
  • Эл аралык жүк ташуулардын тартибин сактабагандыгы үчүн 143 протокол түзүлүп, 2 миллион 860 миң сом айып пул салынган.
  • Салмак-габариттик өлчөмдөрдү ченөөдөн түшкөн жыйым 2 миллион 557 миң 635 сом;
  • Бөлүнгүс ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүүдөн 36 миллион 791 миң 392 сом;
  • Көп жолу колдонулуучу атайын уруксатты берүүдөн 1 миллион 114 миң 281 сом жыйым чогулду.
Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 69 миллион 313 миң 151 сом түшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан