Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Keshte" этно брендинин мода көргөзмөсү өтөт

11-апрелде Бишкек шаарындагы Luna Garden ресторанында “Keshte” брендинин “Жан дүйнө жана жаратылыш” аталышындагы мода көргөзмөсү өтөт.

Иш-чарада Keshte брендинин негиздөөчүсү, арт директору жана башкы дизайнери Назгүл Каарованын эмгегине таандык атайын төрт тематикалык бөлүктөн турган заманбап тариздеги этно кийимдер топтому тартууланат:

Алгачкы топтом “Теңиз жүрөк” деп аталып, анда агым, кыймыл жана жарыктык сыяктуу түшүнүктөр чагылдырылган. Кийинки бөлүк “Тоо үнү” күчтү, туруктуулукту жана кайраттуулукту айгинелейт. Үчүнчү топтом “Гүл бакча” ачылууну, сулуулукту жана назиктикти символдоштурса, соңку “Жер деми” топтому жылуулукту, башталышты жана уңгулукту билдирет. Көргөзмө Кыргызстандын табиятынын күчүн жана адамдык жан дүйнөнүн сулуулугун чагылдыруу максатында даярдалган.

“Бренддин башкы максаттарынын бири жөн гана кийим тигүү эмес, муундар ортосундагы аралыкты жакындатып, өткөндү азыркы учур менен айкалыштыруу”,- деп белгилейт Каарова.

Иш-чарага жеке ишкерлер, маданият кызматкерлери, медиа жана коомдук пикир лидерлери чакырылган. Бул көргөзмө чыгармачылык, маданият жана мода тармагындагы өкүлдөр үчүн маанилүү жолугушуу аянтчасы болору күтүлүүдө.

Keshte - кыргыз улуттук кийимин терең изилдөөгө негизделген жана аны заманбап мода ритмине ийгиликтүү ылайыкташтырган этно-бренд болуп эсептелинет. Бренд Милан, Берлин жана Кытайдагы эл аралык мода көрсөтүүлөрүнүн жана жумалыктарынын катышуучусу. Keshte коллекциялары Чыгыш менен Батыштын эстетикасын айкалыштырган эл аралык подиумдарда сунушталып келет.

Байланыш үчүн:

Телефон: +996 553 900 609

Instagram: keshte.kg

Email: nazgulkaarova@icloud.com

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан