Маалыматка ылайык, жолугушууда соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун жана башка багыттардын кеңири комплекси талкууланды. Ошондой эле Кыргыз-Орусия өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы жыйынынын маселелери да каралды.
Тараптар эки өлкө үчүн тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк рухунда артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнү чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.