Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын атынан Telegram мессенжеринде билим берүү тармагында иштеген кызматкерлерге багытталган ар кандай билдирүүлөр тарап жатат. Бул тууралуу 8-апрелде аталган министрликтен маалымдашты.
Билдирүүдө УКМК кызматкерлери сиздер менен байланышат деген өңдүү жалган маалыматтар айтылган.
"Бул билдирүүлөрдүн министрге тиешеси жок жана алдамчылык максатында таратылып жатат. Андыктан билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин жана жарандарды мындай шылуундардын аракеттерине алданбоого жана өтө сак болууга чакырабыз",- деп айтылат маалыматта.