Бишкек мэриясында Санкт-Петербург делегациясы менен жолугушуу өттү. Анда мэрдин орун басары Кубанычбек Иманалиев жана делегация башчысы Евгений Кассюра катышты.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, тараптар “Жол картасын” жаңыртуу, шаардык башкаруу, көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба жана туризм тармагында кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашты.
Жыйынтыгында эки шаар ортосундагы өнөктөштүк мындан ары да тереңдей турганы белгиленди.