8-12-апрель күндөрү Санкт-Петербург шаарында XXVIII “Орусиядагы жолугушуулар” аттуу орус театрларынын эл аралык фестивалы өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынын театр өкүлдөрү да активдүү катышууда.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалдын алкагында “Чет өлкөдөгү орус театры – орус маданиятынын институту катары” аттуу VII эл аралык конференция уюштурулуп, кыргыз театр ишмерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышат.
Конференциянын жыйынтыгында Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры “Эл аралык Кирилл Лавров сыйлыгы” менен сыйланды.
Мындан тышкары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев жана К. Жантөшов атындагы театрдын директору Таалайбек Тургунов чет өлкөлөрдөгү орус театр ишмерлеринин ассоциациясына жаңы мүчө болуп кабыл алынды.
Бул фестиваль кыргыз театр искусствосунун эл аралык аренадагы аброюн жогорулатып, маданий кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң салым кошууда.