Биз социалдык тармакта

Нур Чолпон автордук ыры менен жеңишке жетти

Ырчы Нур Чолпон дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген тарабынан Түркестанда уюштурулуп жаткан эл аралык музыкалык долбоордун кезектеги чыгарылышында биринчи орунду ээледи.

Бул этапта таланттуу ырчы Нур Чолпон өзүнүн “Танец кочевника” аттуу автордук чыгармасы менен жеңишке жетип, биринчи орунду ээледи.

Аталган ырдын сөзү да, обону да аткаруучунун өзүнө таандык. Ошол эле учурда чыгарманын экинчи куплетинде "Манас" эпосунан алынган саптар колдонулуп, чыгармага өзгөчө маани жана улуттук өң-түс берген.

Бул композиция Нур Чолпондун репертуарындагы эң татаал чыгармалардын бири болуп эсептелет. Анда аткаруучу бир эле учурда музыкалык аспапта ойноп, бийлеп, вокалдык ыкмаларды бир нече жолу алмаштырып ырдоосу талап кылынат.

Ошого карабастан ырчы бул татаал чыгарманы жеңил, бий ыргагында жана жогорку деңгээлде аткарып, көрүүчүлөрдүн өзгөчө суктануусун жаратты. Бул анын кесипкөйлүк чеберчилигинин жогорку деңгээлин дагы бир ирет далилдеди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан