Биз социалдык тармакта

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн 8-апрелде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган “Ден соолук үчүн илим менен биргеликте” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, илимий жана медициналык коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.

Конференцияны ачып жатып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы мамлекеттик саясаттын негизги багыты болгон саламаттык сактоо системасын илимий билимдерге жана далилдүү ыкмаларга негиздеп өнүктүрүүнү чагылдырарын белгиледи.

Ал саламаттык маселелери, калктын жашоо сапаты, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана улуттук коопсуздук менен түздөн-түз байланышта экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан