Бүгүн, 8-апрелде, саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Улуттук фтизиатрия борборунун жамаатына жаңы директор Урматбек Боржиевди тааныштырды.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Боржиев медицина илимдеринин кандидаты, жогорку медициналык билимге ээ, саламаттык сактоо системасында жана жетекчилик кызматтарда бай тажрыйбасы бар. Ал буга чейин Жалал-Абад облустук кан борборун жетектеп келген жана практикалык, илимий тажрыйбага ээ.
Министр мекеменин натыйжалуулугун жогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жана калкка медициналык жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.