Биз социалдык тармакта

Чүй милициясы аба ырайына байланыштуу эскертүү берди

9-14-апрелде тоолуу аймактарда жана Бишкек–Ош унаа жолунун 121–138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) күтүлүп жаткан жаан-чачын жана температуранын өзгөрүшүнө байланыштуу кар көчкү, кар күрткүсү жана тайгак жолдор күтүлүүдө.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы айдоочуларды сак болууга чакырат:
• Белгиленген ылдамдык режимин сактоо жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты кармоо.
• Кескин манёврлардан, ашыкча тормоз басуудан жана ашып өтүүдөн алыс болуу.
• Унаанын техникалык абалын, тормоз системасын, жарык берүүчү шаймандарды жана айнек тазалагычтарды текшерүү.
• Аба ырайы турукташканга чейин алыс сапарларга жана тоолуу аймактарга чыгууда убактылуу кармана туруу.
Жөө жүргүнчүлөргө жолдон өтүүдө этият болуу, жол эрежелерин сактоо жана караңгыда жарык кайтаруучу элементтерди колдонуу сунушталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан