Биз социалдык тармакта

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпиондугунда 2-орунду камсыздады

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда жогорку жыйынтык көрсөтүп, командалык эсепте 2-орунду ээледи.

6-8-апрель күндөрү өткөн мелдеште континенттин эң күчтүү балбандары күч сынашып, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстандын намысын коргогон 10 спортчунун төртөө бул мелдеште алтын медаль жеңди.

Алтын медалдарды Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов, Асан Жанышов жана Раззак Бейшекеев камсыз кылды. Ал эми төрт балбан коло медаль үчүн кармашка чыгып, тилекке каршы жеңилүү ызасын тартты. Эки спортчу мелдештин баштапкы айлампаларында жеңилип, медаль үчүн күрөштү уланта алышкан жок.

Жыйынтыгында 4 алтын медаль менен Кыргызстан командалык эсепте 153 упай топтоп 2-орунду ээледи. Ал эми Иран 2 алтын, 5 күмүш, 3 коло алып, 195 упай менен 1-орунду камсыздады. Ошондой эле Өзбекстан 2 алтын, 1 күмүш, 2 коло утуп, 136 упай менен 3-орунду алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан