Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалында бүгүн, 9-апрелде Мээрим Жуманазарова алтын байге үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Айта кетсек, балбан кыз 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашууда. Ал чечүүчү финалдык баскычта Азия жана дүйнө чемпиону (65 килограмм), япониялык Мива Морикава менен беттешет.
Финалдык беттештер "Жаштык Аренада" саат 18:00дө башталат.
Жуманазарова буга чейин кытайлык атаандашын утуп, финалга жолдомо алган.