Биз социалдык тармакта

Орусияда кыргыз ишкерлерин тоногон УКТ мүчөсү кармалды

Орусиянын Люберцы шаарында уюшкан кылмыштуу топтун 39 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Шектүү кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ болгон. Анын Орусияда жашаган этникалык кыргыз ишкерлеринен акча талап кылууга тиешеси бар экени аныкталган. Шектүү колго түшкөндө жанынан тапанча жана ага тиешелүү 8 ок табылган.

Бул факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Куралды, анын негизги бөлүктөрүн жана ок-дарыларды мыйзамсыз алуу, өткөрүп берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан