Нарын шаарынан Нарын дарыясына 5-апрелде түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 9-апрелде издөө иштерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан турган 68 адам чыккан. Ошондой эле 1 кайык, 1 дрон тартылган.