Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өтүп жаткан “Салижан Жигитов жана адабият” симпозиумунда айтты.
Байсалов өлкө тарыхында эң көп жыл иштеген вице-президент болгонун белгиледи.
"35 жылда 4,5 жыл вице-президент болуп иштеген жетекчи болбоптур. Мен да (ред.: кызматтан кетүүнү) сурандым. Түштөн кийин кызматтан кеткендигим боюнча жаңылык чыгат",- деди Байсалов.
Эскерте кетсек, Байсалов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган.