Баткен облусунда Миң-Өрүк - Самаркандек жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу 9-апрелде президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, облус башчысы Мамыржан Рахимов жолдун курулушунан кабар алып, жолдун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана курулуш иштеринин жүрүшүндө жаралган маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырды.
Миң-Өрүк - Самаркандек жолунун курулушу 2025-жылдын август айында башталып, курулуш мөөнөтү 3 жыл деп белгиленген. Бүгүнкү күндө зоону жардырып жол куруу, көпүрөнүн таянычтарын куруу иштери кызуу жүрүп жатат.