Жаратылыш ресурстары жана экология министрлиги жапайы жаныбарларга зыян келтиргендер үчүн айып пулдардын өлчөмүн олуттуу жогорулатуу жөнүндө токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун маалымдады.
Айтылгандай, тоо текени аткандар үчүн айып пулдун өлчөмү үч эсеге жогорулап, 300 миң сомду түзсө, элик үчүн айып суммасы 100 миң сом болгон. Ошондой эле ак жана кара илегилектерди аткандар 30 миң сом айыпка жыгылмакчы.