Медициналык окуу жайды жаңы аяктаган Сейил Абылгазиева Саламаттык сактоо министрлигин сотко берип, социалдык тармактарга видеокайрылуу жарыялады. Анда ал жумуш боюнча Талас облусуна бөлүнгөнүн, бирок ал жакта жаш адистерге багыт көрсөтө турган тажрыйбалуу дарыгерлер жетишсиз экенин айтып, сунушталган айлык акынын аздыгына да нааразычылык билдирди. Ошондой эле ал бир катар системдик маселелерди көтөрдү.
Бүгүн, 9-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги бул жагдай боюнча расмий маалымат таратты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Абылгазиева бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчү катары аймактарда милдеттүү эки жылдык иш өтөө шартын аткарган эмес.
"Бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү боюнча комиссиянын 2025-жылдын 2-июлундагы протоколуна ылайык, Сейил Абылгазиева Талас облустук бириктирилген ооруканасына жөнөтүлгөн. Бирок ал барган эмес жана жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда каралган окуу чыгымдарын төлөп берүүдөн да баш тарткан",- деп белгиленген маалыматта.
Саламаттык сактоо министрлиги медициналык окуу жайларды бюджеттик негизде бүтүргөн бүтүрүүчүлөр кеминде эки жыл аймактарга барып иштөөгө милдеттүү экенин белгилеп, жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда бүтүрүүчү алты айдын ичинде мамлекет төлөп берген окуу чыгымдарын кайтарып берүүгө тийиш экенин кошумчалайт.