Биз социалдык тармакта

"Евразия" уюму Бишкекте "Кинопанорама" эл аралык форумун ачты

8-апрелде Бишкек шаарында "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган "Кинопанорама" эл аралык форуму старт алды. Форум Евразия өлкөлөрүнөн келген жаш режиссёрлорду, продюсерлерди, актёрлорду, ошондой эле кино тармагынын таанымал чеберлеринин башын бириктирди.

"Жеңиш 9/45" кинопанорамасы — бул мурдагы СССР республикалары тарабынан тартылган Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тасмаларды кинотеатрларда көрсөтүүгө багытталган.

Форум кесипкөй диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана жаңы чыгармачыл өнөктөштүктөрдү чогултуу үчүн аянтча болду. Катышуучулар заманбап кинонун тенденцияларын, улуттук кинематографияны өнүктүрүүнү жана искусствонун баалуулуктарын калыптандыруудагы ролун талкуулашууда.

"Кинопанорама” — бул континенттеги өлкөлөр бири-бири менен бир тилде сүйлөшкөн мейкиндик. Бул жылы “Евразия” уюму улуу орус режиссёру Станислав Говорухиндин мурасын сактоого активдүү катышууда. Биздин негизги максатыбыз — анын чыгармачылыгы аркылуу евразиялык иденттүүлүктү калыптандыруу. Бул — бардык элдерди бириктирген мурас. Анын чыгармалары муундар ортосундагы маанилүү диалогду сактап, жаңы маанилерди жаратууга шыктандырат", - деди Мамлекеттик Думанын депутаты, "Евразия" автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова.

Биринчи күндүн негизги иш-чаралары улуттук Тарых музейинде өттү. Программа режиссёр Станислав Говорухиндин 90 жылдыгына арналган "Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт" аттуу чыгармачыл кече-концерт менен ачылды. Иш-чарага белгилүү орус актёрлору катышты. Күндүн соңунда "Жакшы доордун аягы" ("Конец прекрасной эпохи", Орусия, 2015) тасмасы көрсөтүлдү.

9-апрелде форум "Кино үйүндө" уланат. "Евразия-Кинофесттин жаңырыгы" программасынын алкагында Орусия, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армениянын заманбап тасмалары тартууланат. Ошондой эле "Сүйүүнүн механикасы" ("Механика любви") моноспектакли көрсөтүлүп, кечени Станислав Говорухиндин "Жүргүнчү аял" ("Пассажирка", Орусия, 2008-жыл) тасмасы жыйынтыктайт.

Мындан тышкары, Евразия орус тили жана маданияты борборунда "Говорухин: кино — Жеңиштин эстелиги катары" аттуу тегерек үстөл жана "Кайра жаралуу искусствосу" боюнча сахналык сүйлөө мастер-классы өтөт. Форумдун программасы "Жеңиш 9/45" кинопанорамасынын алкагында Станислав Говорухиндин "Ак жарылуу" ("Белый взрыв", 1969-жыл) классикалык тасмасын көрсөтүү менен жыйынтыкталат.

Уюштуруучу тууралуу:

"Евразия"- эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган автономдуу коммерциялык эмес уюм. Ал жеке каражаттардын негизинде ар кандай долбоорлорду ишке ашырат. Уюмдун миссиясы — ар түрдүү курактагы жана кесиптеги адамдарды бириктирип, салттуу баалуулуктарды, тарыхый эстутумду жана Евразия элдеринин бирдиктүү маданий кодун сактоо.

"Евразия" билим берүү, медицина, маданият, ыктыярчылык жана кайрымдуулук сыяктуу көптөгөн тармактарда иш алып барат. Уюмдун негизги долбоорлору орус тилинин континенттеги маданияттар аралык диалогдун куралы катары ролун бекемдөөгө багытталган.

Ошондой эле уюм балдар, үй-бүлөлөр жана жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин, окумуштуулардын жана эксперттердин кесиптик коомчулуктарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Экологиялык, гуманитардык жана ыктыярчылык демилгелерди ишке ашырат. Акыркы эки жыл ичинде "Евразиянын" долбоорлорун 40ка жакын өлкөдөн 120 миңден ашуун адам колдогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан