Депутат Гүлшаркан Култаева Кыргызстанда климат фондун түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 9-апрелдеги жыйынында сөз кылды.
Жыйында "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жаткан.
"Менимче, климаттык фонд түзүш керек. Мыйзам долбоорунда айтылган каражаттарды эффективдүү башкаруу үчүн чоң инструмент керек. Чоң команда иштеши зарыл. Программалар түзүлүшү абзел. Мунун баарын фонд аркылуу жүргүзсө, бир жактуу болобу деп ойлоп жатам",- деди депутат.
Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттын сунушун экинчи окууда эске алышарын белгилешти.