Интернет желесине кичинекей кызга ыдык көрсөттү делген жарандын видеосу тарады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясынан маалымат берип, шектүү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-апрелде милицияга М.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 17:45 чамасында Тоголок Молдо көчөсүндө белгисиз жаран 2017-жылы туулган кызынын бетинен кармап, башынан сылаганын билдирип, тиешелүү чара көрүүнү суранган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 1981-жылы туулган П.Ж. аттуу жаран кызга кол тийгизген учурда мас абалында болгону аныкталган.
Аталган факт боюнча шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, райондук соттун чечими менен 3 суткага камакка алынды.