Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Камила Талиева, Жылдыз Эгембердиева, Медина Кайрылбекова, Рахат Жунушбаева, Бакыт Тентишев, Сеидбек Атамбаев, Жаныбек Абиров, Гуля Кожокулова, Адилет Белеков, Гүлнара Баатырова, Бекмурза Эргешов демилгелеген.
Депутат Жылдыз Эгембердиева белгилегендей, мыйзам долбоору климаттык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн кыргыз калкына тийгизген таасирин минималдаштыруу үчүн климаттык аракеттердин укуктук негиздерин аныктоого багытталган.
"Учурда колдонулуп жаткан "Парник газдарынын бөлүнүп чыгышы жана сиңирилиши жаатында мамлекеттик жөнгө салуу саясаты жөнүндө" мыйзам жеке жана юридикалык жактардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктаса да, азыркы шарттарга жана практикага толук жооп бербейт. Мындан улам, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен климаттык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууга байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн жөнгө салган бул мыйзам долбоору иштелип чыккан",- деди баяндамачы.
Долбоордун жалпы суммасы 67,7 миллион еврону түзөт. Наасыя 20 жылга, анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.