Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламент жыйынында мыйзам долбоорундагы эл аралык терминдердин маанилерине кызыкты.
Эл өкүлдөрү жыйында ислам принциптери боюнча каржылоо тутумун өркүндөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун экинчи окууда карап жаткан.
"Шарика", "мушарака" терминдери эмнени түшүндүрөт?",- деди депутат.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров эки термин тең "өнөктөш" деген маанини түшүндүрөрүн белгиледи.
"Банк менен кардардын өнөктөштүгү",- деди Таиров.
Жумабеков анда "шарика", "мушарака" терминдерин мамлекеттик же расмий тилде колдонууну сунуштады.
"Башмыйзамда так жазылган - мамлекеттик тил - кыргыз тили, расмий тил - орус тили деп. "Шарика", "мушарака" башка тилде болуп жатат. Мунун түшүндүрмөсүн кыргызча аныктап, көрсөтүшүбүз керек бул жерге",- деди ал.