"Эркечтам" чек ара постунда кызмат өтөп жатып өзүнө ок чыгарган аскер кызматкеринин абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Алай районунун жалпы дарыгерлик практика борборуна барганда айтылды.
Министр жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берди.
"Бейтапка өз убагында керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, тармактык адистер тартылган. 7-апрелде Алай районуна Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынан эки нейрохирург жана анестезиолог-реаниматологдон турган адистер тобу жөнөтүлүп, операция жасалды. Учурда бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө, анын абалы өтө оор деп бааланууда",- деп белгиленген маалыматта.
Министр бейтапты дарылоону өзгөчө көзөмөлгө алып, керектүү адистерди тартуу менен улантууну тапшырды.