Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу кызуу жүрүп, учурда иштердин 45 пайызы бүттү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталган.
Жаңы автобекеттин жалпы аянты 14 миң 469 чарчы метрди түзөт. Долбоордо 2 кабаттуу имарат, унааларды техникалык тейлөө жайы, кең унаа токтотуучу аймак жана айланасын көрктөндүрүү каралган.
Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин бардык этаптары тыкыр көзөмөлдөнүп, сапаты тиешелүү адистер тарабынан текшерилип жатат.