Азамат Эргешов Чүйдүн Аламүдүн районунун акими кызматынан бошотулду.
Президенттин администрациясы анын ордуна Урмат Айтиев дайындалганын кабарлады.
Эргешов коомчулукка өзгөчө кыдыруулары менен таанымал. Анын көз айнек тагынып, велосипед менен кыдырган жайы бар.