Бүгүн, 9-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча жактоочуну кармаганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жактоочу А.М.Р. жаран М.У.М.ны алдап, анын атасы А.М.М.га карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, камактан бошотууга жардам берем деп убада кылган. Бул кызмат үчүн ал 15 миң АКШ доллары жана 200 миң сом алган.
Бирок кийинчерээк жактоочу өз милдеттенмесин аткарбай, алынган каражаттын болгону 5 миң долларын гана кайтарып берген. Калган 10 миң доллар жана 200 миң сомду мыйзамсыз кармап калган. Натыйжада жаранга олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. 9-апрелде А.М.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланды.
Учурда тергөө иштери уланууда.