Биз социалдык тармакта

TikTok колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга чакырыктар үчүн кармалды

Бүгүн, 9-апрелде бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар боюнча шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1984-жылы туулган Б.К.Ж. аттуу жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Ал TikTok социалдык тармагындагы oiboi_007 аккаунтунун ээси катары массалык башаламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган материалдарды туруктуу жарыялап келген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамга каршы мазмундагы постторго тиешеси бар экенин моюнуна алган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

УКМК жарандарды интернет айдыңында зордук-зомбулукка, башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырып, мындай аракеттер мыйзам алдында кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан