Биз социалдык тармакта

Борбор Азияда климаттын өзгөрүшү: Кыргызстан менен Өзбекстан кызматташууну күчөтөт

Президенттин тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тоолуу экосистемаларды жана мөңгүлөрдү сактоо, биоар түрдүүлүк, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Борбордук Азияга тийгизген таасири талкууланган.
Кыргыз тарап «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландары менен бөлүшүп, тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча Глобалдык борбор түзүү демилгесин, тоо изилдөөлөрү боюнча илимий хаб түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жана тоо продукциясын бренддөө демилгесин сунуштады.
Жергиликтүү жамааттарды колдоо жаатында, анын ичинде кол өнөрчүлүктү, агро- жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча кызматташууну кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле климаттык туруктуулукту жогорулатуу маселелери, анын ичинде эрте эскертүү системаларын киргизүү жана Борбор Азиянын тоолуу жана түздүк аймактарында табигый кырсыктардын алдын алуу маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу өнүгүү боюнча өз ара демилгелерди колдоо менен, глобалдык аянтчалардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан