Биз социалдык тармакта

Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сунушталган өзгөртүүгө ылайык, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат талап кылынбай турган жарандардын категориясы кеңейтилет. Тактап айтканда, кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча мамлекеттик үлгүдөгү жогорку билим тууралуу дипломго ээ адамдар бул талаптан бошотулат.

Демилгечилердин айтымында, мындай өзгөртүү тил боюнча билимди расмий түрдө тастыктаган адистер үчүн кошумча бюрократиялык талаптарды жоюуга багытталган.

Мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин тиешелүү тартипте каралып, чечим кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан