Бишкек шаарында имараттардын сырткы көрүнүшүн бирдиктүү талаптарга ылайык келтирүү иштери активдешти. Бул чаралар алдыда өтө турган Шанхай кызматташтык уюму алкагындагы иш-чараларга даярдык көрүү максатында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Анын алкагында шаардагы имараттардын фасаддарын реставрациялоо жана жаңылоо иштери башталды. Бул процессти Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгы координациялоодо.
Бекитилген дизайн-коддун негизинде жеке архитекторлор менен биргеликте ар бир имарат үчүн фасаддык паспорттор иштелип чыгып, тиешелүү тартипте макулдашылууда.
Мындан тышкары адистер муниципалдык органдар менен бирге жеринде текшерүү жүргүзүп, объект ээлерине жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Ошондой эле фасаддарды жасалгалоо боюнча туруктуу консультациялык жардам көрсөтүлүүдө.
Бул иштер шаардын архитектуралык бирдиктүү стилин калыптандырууга, эстетикалык келбетин жакшыртууга жана Бишкек шаарынын заманбап, көрктүү көрүнүшүн камсыз кылууга багытталган.