Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек чыгаруучу завод куруу маселеси боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга EHD (Eurasian Healthcare Development), Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед жана LEKAM өкүлдөрү катышты.
Тараптар катуу пероралдык формаларды, суюк дары каражаттарын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселесин талкуулашты.
Долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 25 миллион АКШ долларды түзүп, анын алкагында 800гө чейин жаңы жумуш орду түзүлөрү күтүлүүдө. Заводду Майлуу-Суу шаарындагы лампа заводунун аймагында куруу пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мамлекет тарабынан долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөрүн белгилеп, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.