Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы боюнча акыркы мезгилде жүргүзүлгөн иштер олуттуу жыйынтык берип, шаар тургундары үчүн жаңы, ыңгайлуу жана коопсуз эс алуу аймагын түзүүгө жол ачты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизинде дарыяны тазалоо иштери кеңири масштабда жүргүзүлдү. Жээктеги таштандылар толугу менен чыгарылып, суунун агымына тоскоол болгон факторлор жоюлду.
Учурда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери активдүү уланууда. Дарыя жээктери заманбап талаптарга ылайык иретке келтирилип, мрамор таштары менен кооздолууда.
Жыйынтыгында Ак-Буура дарыясы экологиялык жактан таза, коопсуз жана шаар тургундары үчүн жагымдуу эс алуу жайына айланып бара жатат.
Бул өзгөрүүлөр Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга чоң салым кошууда.