Бишкек шаарында жол коопсуздугун жогорулатуу максатында жол белгилерин түшүрүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштерди "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аткарууда. Адистер шаардын негизги көчөлөрүндө жол сызыктарын жаңылап, эски белгилерди кайрадан түшүрүп жатышат.
Анын алкагында жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү, веложолдор, ошондой эле кыймыл сызыктары жана жолдун четки белгилери жаңыртылууда.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер этап-этабы менен улантылып, шаар боюнча толук камтылмакчы.
Жол белгилерин жаңылоо айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана тартиптүү кыймылды камсыздоого багытталган.