Биз социалдык тармакта

Новопавловкада жаңы жол куруу маселеси талкууланды

Бүгүн, 9-апрелде Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Новопавловка аймагындагы тургундар менен көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Новопавловка аймагындагы №106 муниципалдык аймактык башкармалыктын жашоочулары, тактап айтканда, 102 жана 111 контурлардагы жер тилке ээлери менен болду.

Аталган аймактар түндүк айланма жолго жанаша жаңы жол куруу долбооруна кирет. Долбоорго ылайык, жол Гоголь көчөсүнөн башталып, айланма жолго чейин созулуп, жалпы узундугу 17 чакырымды түзөт.

Жыйындын жүрүшүндө жер тилкелерин алмаштыруу механизми талкууланып, тургундардын сунуш-пикирлери угулду.

Жыйынтыгында мэр Ленин райондук администрациясына ар бир жер ээси менен иш алып барып, арыздарды кабыл алуу, маалыматтарды тактоо жана жаңылоо боюнча тапшырма берди.

Шаар бийлиги инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана тургундардын кызыкчылыктарын эске алуу багытындагы иштерди улантарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан