Азия чемпиондугунда күмүш медаль уткан Айпери Медет кызы катышкан сыйлоо аземи коомчулуктун көңүлүн бурду. Анда коло медаль алган казак спортчусу Гүлмарал Еркебаева Айпериге өзгөчө колдоо көрсөтүп, жанында эриш-аркак турганы тартылган видео социалдык тармактарда кеңири тарады.
Коомчулук бул көрүнүштү кыргыз-казак элдеринин бир туугандык мамилесинин айкын мисалы катары баалап, спорттогу достук жана өз ара урмат-сыйдын символу катары жылуу кабыл алышууда.
Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия чемпиондугу Бишкектеги "Жаштык аренада" орун алууда. Кыргызстандан жалпы 29 балбан катышууда.