Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Кубатов 2022-жылы дүйнөнүн эң бийик чокусу болгон Эверестти багындырып, бул чокуга чыккан биринчи кыргызстандык болуп тарыхта калды.