Биз социалдык тармакта

Дем алышта Бишкекте кандай маданий иш-чаралар өтөт? 

Алдыда дем алыш күндөрү. Кээ бирлер бул күндөрү тоого барууга кам көрүп жатса, айрымдары маданий иш-чаралардан жан дүйнөсүнө азык алууну каалап тургандыр. Ал эми кээ бирлери эс алуу күндөрүн пландай элек болсо керек. Мындан улам окурмандар үчүн 11-12-апрелде Бишкек шаарында пландалып жаткан иш-чаралардын тизмесин сунуштайбыз.

11-апрель калаада төмөнкү маданий самаалыктар өтөт:

* "Сүйөм! Бирок…" аттуу поэтикалык монодраманын премьерасы Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өтөт. Башталышы: саат 19:00. Акысыз.

* Уильям Шекспирдин "Ромео жана Джульетта" спектакли Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрында (12-апрелде да) болот. Башталышы: саат 16:00. Спектакль кыргыз жана орус тилдеринде тартууланат. Билет баасы - 500 сом

* Орусиялык жана украиналык вокалист, композитор Миша Марвиндин концерти - "Teleport'та" саат: 20:00дө башталат - билет баасы 3000 сомдон башталат.

* "Туулган күн" (“Керемет көч”) - Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театры - Башталышы: 11:00, билет баасы - 200 сом.

* "Жан дүйнө жана жаратылыш" мода көргөзмөсү. "Luna Garden" рестораны. Башталышы: саат 18:00. Билет баасы 3000 сомдон башталат.

* Mezzo Forte оркестринин "Top Hits" аттуу музыкалык кечеси - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы. Башталышы: саат 19:00. Баасы 1200 сомдон башталат.

* "Күнөөнүн ары жагында" ("По ту сторону греха") балети - Кыргыз улуттук опера жана балет театры. Башталышы: саат 19:00. Билет наркы: 2500 сомдон жогору.

12-апрелде өтө турган иш-чаралардын тизмеси:

* Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында музыкалык кече өтөт. Бул күнү сахнада Эрнест Блох, Карл Нильсен, Габриэль Форе, Клод Дебюсси, Жакомо Пуччини, Эми Бич, Фриц Крейслер жана Жон Раттер сыяктуу дүйнөгө белгилүү композиторлордун чыгармалары жаңырат. Башталышы: 14:00.

* Кыргыз улуттук филармониясында "Эски кинонун жакшы ырлары" аттуу музыка кечеси орун алат. Билет баасы 1500 сомдон башталат. Башталышы: 18:30.

* Нейрографика боюнча мастер-класс. Аны психолог-консультант Наталия Петухова өтөт. Дареги: Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи, 1-кабат. Башталышы: 11:00. Баасы 300 сом. Катталуу: +996 705 662 686.

* Маша жана аюу" цирк шоусу. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" борборунда өтөт. Башталышы: 11:00. Баасы 300 сомдон башталат.

* "Космическая сага" театралдык шоусу. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" борбору. Саат 16:00дө башталат. Баасы 300 сомдон жогору.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан