Биз социалдык тармакта

Бишкек мэри автобус айдоочуларына президенттин айтканын эске салды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу калаа башкармалыгы билдирди.
Жунушалиев айдоочуларды эрежелерди так сактоого чакырып, өлкө башчы Садыр Жапаровдун айтканын эске салды. Ошондой эле мэр жүргүнчүлөрдү аялдамада гана түшүрүү керектигин белгилеп, автобустарга болгон рейддерге жол тескөөчүлөр кошулганын эскертти.
Айта кетсек, былтыр август айында президент коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугушуп, алардан тыгын жаратпоону өтүнгөн.

"Аялдамаларга келгенде эң башына барып токтобойсуңарбы, артыңарга башкасы келип тургудай болсун да. Билесиңер да, артыңардан 2-3 мүнөттөн кийин эле башка автобус келерин. Анан "маңырайып" 5 мүнөт артыңарга орун калтырбай туруп аласыңар",- деген мамлекет башчы.

Бишкек мэри автобустун айдоочуларына президенттин айтканын эске салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан