Кечээ, 9-апрелде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед компанияларынын жана Польшанын LEKAM фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө катуу пероралдык формаларды, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелери талкууланды.
Долбоорду Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында ишке ашыруу пландаштырылууда. Инвестициялардын жалпы көлөмү 25 миллион долларды түзүп, 800гө чейин жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.