Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу калаа башкармалыгы билдирди.
Анда Жунушалиев айдоочуларга айлык акылары 32 пайызга жогорулай турганын кабарлап, аларга шарт койду.
"Бирок эрежени сактайсыңар. Биз накталай төлөмдөрдү алабыз, жанагы план деген нерсе болбойт. Бирок эрежелерди бузуу, акча чогултуулар кайра башталса, анда биз башкача чара колдонобуз",- деди мэр.